Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

Исаков: "Кыргызмунайгаз" эл аралык талапка өтүшү керек


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Мындай оюн премьер-министр Сапар Исаков Жалал-Абаддагы иш сапарынын алкагында "Кыргызнефтегаз" ишканасынын жамааты менен жолугушуу учурунда айтты:

- Облуска мен "Кыргызнефтегаз" ишканасы менен таанышуу максатында келдим. 2019-жылы дүйнөдө А-5 үлгүсүндөгү бензин талап кылына баштайт. "Нефтегаз" болсо учурда А-2ге да жете элек. Биз бул ишканага инвестиция тартып, жаңылоого барышыбыз керек.

Сапар Исаков көбүнчө жергиликтүү тургундар иштеген мекемени алдыңкы ишканага айлантуу мезгил талабы экенин айтып, мындан тышкары Майлуу-Суудагы лампа заводуна инвесторлор келбей жатышканына да токтолду.

Өкмөт башчы бүгүн «Майлуу-Суу лампа заводунун» ишмердүүлүгү менен жеринде таанышмакчы. Мындан тышкары Исаков Жалал-Абад мамлекеттик университетине жана Жалал-Абад шаарындагы балдар психоневрологиялык стационардык мекемесине барат.

Мындан тышкары, өкмөт башчы Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр дарыясынын жээгин бекемдөө иштеринин жүрүшү менен таанышат. (RsK)

XS
SM
MD
LG