Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:18

Өкмөттүн курамында аялдар көбөйөт


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Жакынкы келечекте өкмөттүн жаңы курамы бир топ аялдар менен толукталат. Мындай маалыматты премьер-министр Сапар Исаков Жалал-Абад мамлекеттик университетинде студенттер менен жолугушууда, алардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

- Менин кеңешчилеримдин 90 пайызы аялдар. Азыр алар өкмөттүн программасындагы аткарылчу жумуштарды жазып жатышат. Мен аялдарды саясатка аралаштырууну жана кызмат орундарына дайындоону колдойм.

Студенттер Жалал-Абад шаарында жакында социалдык маселелер боюнча аял вице-мэрдин ордуна эркек кишинин дайындалганын айтып, кадрдык жүрүшкө канааттанбаганын билдиришти.

Буга чейин Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Айзат Раматиллаева жаңы коалиция түзүлгөндүгүнө байланыштуу жумуштан алынып, анын ордуна "Мекеним Кыргызстан" фракциясынын квотасы боюнча Руслан Алтымышев дайындалган. (RsK)

XS
SM
MD
LG