Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

АКШнын соода палатасы “Кумтөрдү” мыкты ишкана деп тапты


"Кумтөр" ишканасы.
"Кумтөр" ишканасы.

“Кумтөр Голд Компани” АКШнын соода палатасы тарабынан “Ардактуу шерик” сыйлыгына татып, жылдын мыкты жумуш берүүчүсү катары таанылды.

Эркин калыстар номинанттарды бир нече критерий менен талдап, анда жумушчуларга каралган социалдык пакет, окутуу жана тажрыйбаны өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрү, жумуш ордундагы коопсуздук, кадрларды сактап калуу боюнча иликтөө жүргүзүлдү.

“Кумтөр” - жеке сектордогу ири жумуш берүүчү компания жана анда Кыргызстандын 3500 миңдей жараны иштейт. Ишкана 1997-жылдан бери 354 тонна таза алтын өндүргөн. (SDz)

XS
SM
MD
LG