Линктер

дүйшөмбү, 21-май, 2018 Бишкек убактысы 11:11

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаевдин сотунда бүгүн жарыш сөз башталды. Алгач сөз алган прокурорлор Канатбек Исаевдин Токмокто мэр болуп турганда мамлекеттик жерди менчикке сатканы боюнча күнөөсү толугу менен далилденгенин айтышты. Прокуратура Исаевдин күнөөлүү экенин сот отурумда көрсөтмө берген күбөлөр да ырастаганын билдирип, судьядан депутатты 20 жылга эркинен ажыратууну өтүндү.

Ал арада Канатбек Исаевди коргоо комитетинин төрагасы, УКМКнын мурдагы жетекчиси Кенешбек Дүйшөбаев “Азаттыкка” соттор Исаевге "өкүм чыгарууга шашып жатышканын" айтты.

УКМКнын тергөө башкармалыгы Канат Исаевди 2008-2010-жылдары "Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турган учурда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген" деп айыптаган. Ага Кылмыш кодексинин 303-беренесинин ("Коррупция") алкагында кылмыш иши козголгон.

30-сентябрда Канатбек Исаев "мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган" деген шек менен белгисиз мөөнөткө камакка алынган. Бул эпизод боюнча учурда тергөө уланып жаткандыктан, иш сотко жете элек. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG