Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Студент Сапар Исаковду өзбек президентиндей иштөөгө чакырды


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенти премьер-министр Сапар Исаковго суроо узатып жатып, аны өзбек президенти Шавкат Мирзиеевдей иштөөгө чакырды. Студент Миризиёев жыйналыш учурунда татыктуу жооп бербеген бир топ министрлерди ошол замат кызматтан алганын, ушундай мүнөз кыргыз башчыларында да болушу керек экендигин айтты.

Өз кезегинде Исаков коомчулук алдында жана өкмөт аппаратында катуу болбогону менен, жабык эшик артында баарына катуу талап коюп, керек болсо ошол замат иштен алып жатканын кошумчалады. Бирок бул жагдайларды коомчулукка жарыялоону туура көрбөйт.

Ошондой эле дагы бир студент Жалал-Абад шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна күтүүсүз барууну суранды. Анткени, студенттин айтымында, ал жерде бейтаптарды дарылоого шарт жок жана имарат эски.

Премьер-министр протоколдук иш сапарына карабай, студенттин өтүнүчү менен ошол бейтапканага бармай болду.

Сапар Исаков бүгүн Жалал-Абадга иш сапары менен барды. Ал буга чейин “Кыргызмунайгаз” ишканасынын жамааты менен жолукту. Алдыда өкмөт башчы облустагы бир катар объектилерге барышы күтүлүүдө. (RsK)

XS
SM
MD
LG