Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:17

Бийлик жергеталдыктар боюнча тасманы таратууну чагым деп баалады


Таяк жеген балдар.
Таяк жеген балдар.

Кыргыз бийлиги Чүйгө Тажикстандан келген кыргыздар сабалган видеонун Интернетке чыгарылышын чагым деп атады.

Президенттик аппараттын Этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева видео боюнча Коргоо кеңеши жана милиция менен байланышып, тактоо жүргүзүлгөнүн айтып, эски окуяны кайра жайылткандардын кадамын жагдайды чыңалтуучу аракет катары сыпаттады.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, окуя 2016-жылдын февралында Чүйдүн Панфилов айылында болгон.

25-декабрда социалдык тармактарга жайылган видеодо топтолушкан беш-алты жигит эки уланды ортого алып, бети-башка койгулап жатышат. Расмий маалыматка ылайык, токмок жегендер Тажикстандын Жерге-Тал аймагынан Кыргызстанга көчүп келип, Чүй облусунда отурукташкан кыргыздардын балдары. Ошол жылы милицияга арыз жазылып, тараптар элдешкенден кийин арызды кайра алышкан. Кылмыш иши ачылган эмес.

Мамлекеттик миграция кызматынын Кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнөн алынган маалыматка ылайык, Кыргызстанга 1991-жылдан бери Тажикстандан 17 минден ашуун кыргыздар көчүп келишкен.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этнос аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин изилдөөсүнө караганда, Кыргызстанда жогорудагыдай жаңжал чыгып кетиши ыктымал деген 15 район, беш шаар аныкталган. Ал жерлерге коомдук кабылдамалар ачылып, келишимдик негизде адистер иштешет. Жаатташкан жаңжалдар 2013-жылы 39 ирет болсо, быйыл тогузу катталган. (SE)

XS
SM
MD
LG