Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:49

Бишкекте жер үстүндөгү дагы бир өтмөк ачылды


Бүгүн, 26-декабрда Бишкектеги “Мадина” базарынын тушунда жер үстүндөгү өтмөк ачылды. Шабдан баатыр жана Мамбетов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган өтмөктүн бийиктиги 5, туурасы 3 жана узундугу 37 метрди түзөт.

Өтмөктүн ачылыш салтанатына катышып жатып Бишкек мэри жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылыш үчүн шаар жетекчилиги болгон аракеттерди көрүүгө убада берди.

Буга чейин “Аламүдүн” базарынын тушуна да ушундай эле өтмөк коюлган. Ал өтмөктөргө 15 киши көтөргүдөй экиден лифт орнотулган. (UEz)

XS
SM
MD
LG