Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:50

27-декабрга карата аба ырайы


Ош-Бишкек автоунаа жолу.
Ош-Бишкек автоунаа жолу.

Синоптиктер 28-декабрга чейин аба ырайы кескин өзгөрөрүн кабарлап жатышат. 27-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 18-23 метрге жетет. Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда мал кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Ашууларда кар көчкү түшүшү жана кар күрткүсү күтүлгөндүктөн, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Эртең 27-декабрда абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...-8, күндүз -2...-7;

Таласта түнкүсүн -7...-12, күндүз -2...-7;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4...-9, күндүз -3...+2;

Баткенде түнкүсүн түнкүсүн -4...-9, күндүз -3...+2;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...-5;

Нарын облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...-8 градуска чейин жогорулайт.

Бишкек шаарында 27-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн -4...-6, күндүз -3...-5 градус суук.

XS
SM
MD
LG