Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 19:09

Кыргызстанда жаңы жылдык майрам төрт күнгө созулат


Жаңы жылдык балаты. 15-декабрь, 2017-жыл.

Өкмөт башчысы Сапар Исаков кол койгон токтомго ылайык 2018-жылдын 2-3-январы эс алуу күндөрү деп жарыяланды. Ошентип кыргызстандыктар төрт күн удаа: 31-декабрда жана 1-2-3-январда эс алышат. 2-3-январдагы иш күнү 30-декабрга жана 8-январга которулду.

Бул токтом иш жана эс алуу күндөрүн сарамжалдуу бөлүштүрүүгө багытталган. Токтом мамлекеттик мекемелерге гана тийиштүү, беш күндүк график менен иштеген жеке ишканаларды камтыбайт. (UEz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG