Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:09

ИИМ: уюшкан кылмыштуу топтордун 231 мүчөсү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөш башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 11 ай ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун 231 мүчөсү ар кандай кылмыш фактылары боюнча кармалган.

ИИМдин маалымат кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнөн 11 курал-жарак алынган. Ошондой эле милиция 411 жалпы мүнөздөгү кылмыштардын бети ачылып, 88 соттон жана тергөө амалдарынан качып жүргөн адам кармалган.

Ачылгын кылмыштардын арасында 12 - киши өлтүрүү, 22 – каракчылык, 7- адам уурдоо, 38 - опуза-талап, 109 – алдамчылык, 29 - баңгизат каражаттарын мыйзамсыз сактоо жана 100дөн ашык башка кылмыштар бар.

Ички иштер министрлиги уюшкан кылмыштуу топтордун кыймыл-аракеттеринин кесепетинен өлкөдө криминалдык абал оор бойдон калып жатканын, бирок кылмыштуулук менен күрөшүүдө абал көзөмөлдө экенин кошумчалады. (EbM/SDz)

XS
SM
MD
LG