Орусиялык композитор, Советтер Союзунун эл артисти Владимир Шаинский 92 жашында көз жумду. Бул тууралуу "Маданият" телеканалы композитордун туугандарына таянып кабарлады.
Шаинский балдар арасында өтө популярдуу болгон "Антошка", "Көгүлтүр вагон", "Ата-энелердин үйү" деген ырлардын автору. Анын көптөгөн чыгармалары советтик кинолордо жана мультфильмдерде жаңырган. Өз эмгектери үчүн композитор бир катар сыйлыктарга татыган. 2013-жылдан бери Кошмо Штаттарда жашаган Шаинский өмүрүнүн акыркы жылдары онкологиялык илдет менен алышып келген.