Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:00

Египетте 15 согушкер дарга асылды


24-ноябрда Синайдагы мечитке жасалган кол салуудан 300дөн ашуун киши мүрт кеткен.
24-ноябрда Синайдагы мечитке жасалган кол салуудан 300дөн ашуун киши мүрт кеткен.

Египет бийликтеринин чечими менен 26-декабрда 15 согушкер дарга асылды. Алар 2013-жылы Синай жарым аралында болгон кол салууну уюштурушкан деп айыпталышкан.

Бир ай мурда ушул эле Синайда өлкө тарыхындагы эң кандуу чабуул болгон. Мечитке жасалган кол салуудан 300дөн ашуун жаран мүрт кеткен. Ошондо Египеттин президенти Абдул-Фаттах Ас-Сиси өкмөттүк күчтөргө өлкө аймагындагы исламчыл радикал топторду жоготууга үч ай берген.

2013-жылдан бери эле Синай жарым аралында исламчыл согушкерлер тарабынан уюштурулган 1,5 миңдей кол салуу катталган. Теракттардын көбү үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук уюмунун канаты деп өзүн атаган жергиликтүү уюм алган.

XS
SM
MD
LG