Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

Казакстанда белгилүү блогер камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандык таанымал блогер Айжан Байзакова үч күнгө камакка алынды. Tengrinews.kz маалымат порталы Алматынын ички иштер башкармалыгына шилтеме кылып жазышынча, Байзакова "этикалык нормаларды бузганы үчүн" жоопкерчиликке тартылды.

Бир нече күн мурда социалдык тармактарда Алматыдагы түнкү клубдардын биринде өткөн сынакты чагылдырган видеотасма таркаган. Ал сынакты Байзакова алып барганы маалым болгон.

Ички иштер башкармалыгы билдиргендей Байзакова "этикалык нормаларга сыйбаган" сынакты өткөргөнүн мойнуна алган.

Айжан Байзакова "Инстаграм" социалдык тармагы аркылуу белгилүү болгон блогерлердин бири. Ал ошондой эле таэквондо боюнча бир катар мелдештерде жеңүүчү болгон. Казакстандагы башка блогерлер Байзаковага колдоо көрсөтүп, ал күнөөлүү эместигин билдиришти.

XS
SM
MD
LG