Линктер

шаршемби, 17-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:50

Бишкекте жана Чүйдө электр жарыгы жапырт үзгүлтүккө учурады


Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн таңдан тартып Бишкектин бир катар бөлүктөрүндө электр жарыгы өчүп калды. “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун басма сөз катчысы Гуля Мураталиева “Азаттык” радиосуна билдиргендей, жарыктын үзгүлтүккө учурашы айрыкча Чүй облусунун райондорунда көп байкалууда. Анын айтымында, бул жагдай чубалгылар жааган карды көтөрө албай калганы менен байланыштуу.

Азыр кайсы аймактарда жарык жоктугу такталып, аны калыбына келтирүү аракеттери жүрүп жатат.

“Түндүк электр” ишканасынын маалыматына караганда, декабрда электр энергиясын керектөө арбыды. 14-декабрга карата Бишкек шаарында мерчемделген 10,4 миллион киловатт-сааттын ордуна 12,9 млн. киловатт-саат; Чүй облусунда 10,6 миллион киловатт-сааттын ордуна 11,9 миллион киловатт-саат электр энергиясы колдонулду.

Бишкек менен Чүйдө 27-декабрга караган түнү жаан карга айланып, бороон менен коштолууда. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG