Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:25

“Улуттук энергохолдинг” ААК жыл жыйынтыгын чыгарат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Улуттук энергохолдинг” ачык акционердик коомунун өкүлдөрү бүгүн Бишкекте 2017-жылы аткарылган иштер менен катар Кыргызстандын энергетикалык тармагын өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу маалымат беришет. Бул тууралуу ишкананын өкүлдөрү билдиришти.

«Улуттук энергетикалык холдинг» 2015-жылдын этегинде ишке кирген. Өкмөттүн чечими менен Энергетика жана өнөр жай министрлиги жоюлуп, энергетикалык компаниялар ушул холдингге бириктирилген.

Муну менен тармактагы коммерциялык жоготууларды азайтып, коррупцияны жеңүү аракети көрүлүп жатканы айтылган. Мекеме быйыл июлда Кыргызстандын стратегиялык өзгөчө маанилүү объектилеринин катарына киргизилген.

Бүгүн парламент да “Электр станциялары” жана “Улуттук электр тармактары” ачык акционердик коомдорунун 2017-2018-жылдардагы бюджеттик насыяларын реструктуризациялоо жөнүндө” токтом долбоорун талкуулайт. (NT)

XS
SM
MD
LG