Маркумдун сөөгү Атырау шаарында ижарага алган батиринен табылган. “Азаттык” радиосунун казак кызматы “Мой город” порталына шилтеме берип жазып чыккандай, консулдун денесинен кыйноо белгилери байкалган эмес.
54 жаштагы Кригер Германиянын Батыш Казакстан боюнча ардактуу консулу болуп иштеп, акыркы мезгилде Атырау шаарында жашачу. Ал өнөкөт оорулардан жабыркап жүргөнү айтылууда. Дипломаттын өлүмүнүн чоо-жайын иликтенип жатат, тиешелүү экспертизалар дайындалды.