Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:14

Ташкентте темир жол долбоору талкууланат

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ташкентте Кыргызстан-Өзбекстан-Кытай темир жол долбоорун жүзөгө ашыруу маселеси талкууланат.

Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлиги маалымдагандай, Өзбекстандын башкалаасында бүгүн өтчү жолугушууда долбоорго катышкан үч өлкөнүн - Кыргызстандын, Кытайдын жана Өзбекстандын делегацияларынын өкүлдөрү чогулат.

Темир жол куруу демилгеси он жылдан ашык убакыттан бери көтөрүлүп келатат. Аны ишке ашырыш үчүн 6-6,5 миллиард доллар керектеле тургандыгы маалымдалган. (NT)

XS
SM
MD
LG