Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

“Түндүк электр”: электр линиялары кечке чейин калыбына келет


Токтогул ГЭСи.
Токтогул ГЭСи.

Калың жааган кардын айынан үзгүлтүккө учураган электр жарыгы кечке чейин калыбына келтирилет. Бул тууралуу “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун маалымат катчысы Гуля Мураталиева “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, Бишкек жана Токмок шаарларынын, Чүй жана Талас облусунун айрым аймактарында электр линиялары карды көтөрө албай үзүлгөн.

- Учурда 128 бригада оңдоо иштерин жүргүзүп жатат. Буюрса кечке чейин электр жарыгын беребиз, - деди Мураталиева.

27-декабрдын таңында өлкөнүн бир катар аймактарында кар калың түштү. Ушундан улам электр зымдары үзүлгөн. Бишкек шаарында да айрым райондордо жарык өчүп, жолдо жүрүү кыйынчылыкка учураган. (UEz)

XS
SM
MD
LG