Президент Сооронбай Жээнбеков 26-декабрда Москвадагы иш сапарынын алкагында КМШ мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышты. Бул Жээнбековдун Орусиядагы экинчи иш сапары.
26-декабрда түшкө чейин Сооронбай Жээнбеков Казакстандагы эки күндүк расмий иш сапарын жыйынтыктаган. Анда казак президенти Нурсултан Назарбаев менен чакан жана кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Сапардын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлуп, эки мамлекеттин лидерлери биргелешкен билдирүү кабыл алышкан.