Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Ош-Бишкек жолу бир суткага жабылат


Ош-Бишкек жолу.
Ош-Бишкек жолу.

Төө-Ашууда кардын калыңдыгы бир метрден ашканына байланыштуу жолду тазалоо иштери оорчулук менен коштолуп, айдоочулардын өмүрүнө чоң коркунуч келтирүүдө. Ушундан улам Транспорт жана жолдор министрлиги Ош-Бишкек жолун бир суткага жабат. Бул тууралуу “Азаттыкка” министрликтин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетов билдирди.

- Бишкек-Ош жолунун 80-чакырымынан 210-чакырымына чейин калың кар жаап, бийиктиги бир метрден жогору болуп кетти. Бул кырдаалда кар көчкү түшүү коркунучу көп. Ошондой эле унаалар жолду тазалоо иштерине жолтоо болуп жатышат. Ушундан улам “Автоунаа жолдору жөнүндө” мыйзамга ылайык Транспорт министрлиги жолдорго чектөө киргизүү демилгесин көтөрүүдө.

Досумбетов жол тазаланып бүткөнгө чейин кыймыл токтотуларын, бул үчүн кеминде 24 саат керек экенин кошумчалады.

Кечээ Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ашууларга түшкөн калың кардан улам Ош-Бишкек жолунун “Сосновка” өткөрмө бекетинде оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизген. (SDz)

XS
SM
MD
LG