Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:02

Мектептерди беш күндүк окутууга өткөрүү долбоору талкууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мектептерди толугу менен аптасына беш күндүк окууга өткөрүү боюнча сунуш түшүп жатат. Бүгүн бул тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечилердин бири, депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоору мектептерде билим берүүнүн сапатын арттыра турганын белгиледи.

Жыйында алты күндүк окуу окуучуларга ашыкча жүк болуп келгени, алар ар кандай ийримдерге катыша албай, мугалимдердин да сабакка даярданышына убакыт тартыш болуп жатканы, чет тилдерин үйрөнүүгө кошумча сааттар киргизилери айтылды.

Билим берүү жана илим министрлигинин расмий маалыматына караганда, ушу тапта Кыргызстандагы мектептердин 80 пайызы пилоттук негизде беш күндүк окутуу тартибинде иштеп жатат. 159 мектепте окуучулар үч сменде окуйт. Мектептерди жылына 60 миӊ окуучу бүтүрөт.

Эгерде бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, 2018-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирүүгө тийиш. (RK)

XS
SM
MD
LG