Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Карамушкина Жээнбеков менен Атамбаевдин таламын талашты


КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Интернетте президент Сооронбай Жээнбековду жана экс-президент Алмазбек Атамбаевди атайын каралоо жүрүп жатканын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, социалдык тармактардагы айрым топтордо президент менен экс-президенттин ар-намысына шек келтирген билдирүүлөр жарыяланып жатат.

- Акыркы убактарда президент менен экс-президенттин ар-намысына шек келтирген билдирүүлөр жарыяланып жатат. Буларга чара көрүү боюнча мага бир катар жарандар кайрылды. Мен болсо коопсуздук жана коргонуу комитетинде бул маселени УКМКга жеткирдим. Алар чара көрүлүп жатканын айтышты, - деди Карамушкина.

Ирина Карамушкина мындан сырткары социалдык тармактарда диний радикалдар, улутчулдар конституциялык түзүлүшкө шек келтирип, айрым жарандарды коркутуп-үркүтүп жатканын кошумчалады.

Ирина Карамушкина бул маселени кечээ, 26-декабрда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде көтөргөн. Жыйынга катышкан УКМКнын төрага орун басары Рустам Мамасадыков Интернеттеги чектен ашкан деструктивдүү сайттарды жабуу боюнча иштер жүрүп жатканын айткан. (UEz)

XS
SM
MD
LG