Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:26

Тазалык: Бишкекте 500дөн ашык киши кар күрөп атат


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

“Тазалык” ишканасы түнкү саат төрттөн баштап борбор шаардын көчөлөрүндө күчөтүлгөн тартипте тазалоого киришти. “Тазалыктын” бөлүм башчысы Талант Казакбаев көчөлөрдө отузга чукул техника, 500дөн ашык адам кол менен кар күрөп жатканын айтты. Ал негизги тапшырма өкмөттүк маанидеги жолдор менен негизги чоң көчөлөрдү тазалоо экенин, жумуштар күнү-түнү токтобой уланарын кошумчалады.

- Мындан башка ДЭУнун 40ка чукул кызматкери иштеп жатат. Таңкы саат төрттөн бери шаардын көчөлөрүнө 60 тонна кум, 7 тонна туз септик. Биздин планда Бишкек шаары боюнча 240 көчөнү карайбыз. Азыр алгачкы планда негизиги өкмөттүк жолдорду жана чоң көчөлөрдү тазалашыбыз керек. Бирок кар токтобой жаап жаткандыктан, бир тазалаган көчөнү бир нече сааттан кийин кайра тазалоого туура келип жатат.

Талант Казакбаевдин айтымында, кар тазалоочу машинелер жол чырактардын иштебей калганынан улам башка унаалар менен кошо тыгында калып, тийиштүү көлөмдү аткара албай калып жатат.

27-декабрга караган түнү жааган кардын кесепетинен Бишкек, Токмок шаарларынын, Чүй жана Талас облусунун айрым аймактарында электр линиялары үзгүлтүккө учурап, электр жарыгы өчкөн. “Түндүкэлектр” авариялык абалда өчүрүп калган линияларды калыбына келтириш үчүн учурда 128 бригада оңдоо иштерин жүргүзүп жатканын маалымдады. (SDz)

XS
SM
MD
LG