Линктер

шейшемби, 24-апрель, 2018 Бишкек убактысы 14:33

Эркин журналисттер бирикмеси доого жыгылган журналисттерди колдоого чакырды. Бирикме төрайымы Тамара Валиева "Азаттык" радиосуна билдиргендей, Нарын Айыпка, Дина Масловага жана "Zanoza.kg" басылмасына жүктөлгөн ири сумманы чогултууга башка кесиптештери кол кабыш кылышы керек.

- Басылмада мынчалык көп каражат жоктугун биле туруп, ушундай чечим чыгарууну түшүнбөй турам. Биздеги соттор тырмакча ичинде "гумандуу" экенине экенине дагы бир жолу ынандым. Кантсе да, азыр журналисттер коомчулугу эки жээкке бөлүнбөй, биримдикти көрсөтүшү керек. Доого жыгылган кесиптештерибиз өздөрү сумманы төлөөй алышпайт. Мындай кырдаал башкалардын да башына келип калышы мүмкүн. Саясий көз караштар ар түрдүү болсо да, аларды колдоого чакырабыз.

Валиева учурда онго жакын медиа уюмдар бир күндүк эмгек акысын банктан ачылган атайын эсепке которууга макулдук беришкенин айтты.

Андан тышкары, Сөз эркиндигин коргоо комитети 20-декабрда "Элсом" электрондук капчыгын ачкан. Эки жумада 15 миң сомдой акча түшкөнүн комитет төрагасы Адил Турдукулов билдирди.

Башкы прокурордун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча арызына ылайык, "Zanoza.kg" сайтынан жалпы 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот чечими чыккан. Анын ичинен басылма 15, Нарын Айып 9, Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттүү болгон. Ушундай эле өңүттөгү кине менен "Адилет" укук коргоо клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова 3 миллион сом, "Ата мекен" партиясынын юристтери 10 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Жакупова элден чогултулган суммадан баш тартып, аны журналисттерге берүү ниетин билдирген.

Андан тышкары, "24.kg" агенттиги менен журналист Кабай Карабеков "азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине далилсиз маалыматтарды таратты" деп, 10 миллион сом доого жыгылышты. Бул жагдайды эксперттер жана укук коргоочулар сөз эркиндигин чектөө жана саясий куугунтук катары баалап келишет.

Доого жыгылган журналисттерге жардам үчүн банк эсеби:

«Медиа Фокус» КБ
ИНН 00307201710246
ОКПО 29998887
Дареги: Бишкек ш., Токтогул көч., 90а
«Демир Кыргыз Интернэшнл Банк»,
БИК 118003
Эсеп:
СОМ 1180000101079462
ДОЛЛАР 1180000101079563
ЕВРО 1180000101079664

"Элсом" электрондук капчык номуру:
0555 750-882. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG