Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:59

Жогорку сот “Сентябрь” телеканалын жабуу тууралуу чечимин күчүндө калтырды


"Сентябрь" телеканалынын иштеп жаткан учуру.
"Сентябрь" телеканалынын иштеп жаткан учуру.

Жогорку сот “Сентябрь” телеканалын жабуу боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу каналдын жетекчиси Кайыргүл Урумканова “Азаттыкка” билдирди.

Буга чейин “Сентябрь” телеканалынын жетекчилиги кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылган. Анда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун каналдын ишин токтотуу боюнча чечимин мыйзамсыз жана негизсиз деп табуунү өтүнгөн.

Башкы прокуратура Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна "Сентябрдын" эфиринен мурдагы өкмөт башчы, кийин президенттик шайлоодон утуп чыккан Сооронбай Жээнбековдун аброюна шек келтирген көрсөтүү чыккан" деп арызданган. Буга Ош облустук милициясынын мурдагы башчысы Абдылда Капаровдун Жалал-Абаддагы “Сентябрь” каналынан Жээнбековдор тууралуу сүйлөгөнү негиз болгон.

Ишти Биринчи Май райондук сотунун судьясы Жылдыз Жумабаева карап, телеканалдын жана анын сайтынын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу боюнча 22-августта чечим чыгарган. Каналдын жетекчилиги жана кызматкерлери муну сөз эркиндигин ооздуктоо катары баалашат.

“Сентябрь” телеканалы оппозициялык саясатчы, "орус ишкерлеринен пара алды" деп сегиз жылга камалган “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге таандык экени айтылат. (UEz)

XS
SM
MD
LG