Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:04

Шадиев: жөлөкпулду колунда барлар албашы керек


Аскарбек Шадиев.
Аскарбек Шадиев.

Келе жаткан жылдан баштап ишке кирчү “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзам өтө чийки кабыл алынган. Бүгүн парламентте биринчи-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев ушундай пикирин билдирди. Ал жаңы мыйзамдын негизинде жөлөкпулдар бериле турган болсо, нааразычылыктар көп болушу мүмкүн деп эсептейт.

- Бүгүнкү күндөгү акыйкатсыз мыйзамды биз оңдоп келели деп жатабыз. Себеби, буга чейин беш баланын апасы 4500 сом жөлөк пул алса, жаңы мыйзамдын негизинде 1400 сом алып калат экен. "Ошондой эле сүйүнчү пулду сөзсүз түрдө бардыгы алышы керек" дегенге каршымын. Себеби алыскы жана шарты оор аймакты кошпогондо 640 млн. сом болот экен. Бул акчага биз үч оорукана салып койсок болот да! Ошондуктан жөлөкпул кээ бирлерине тийбеши керек, себеби колунда барларга эмнеге жөлөкпул беришибиз керек?

"Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамга быйыл июлда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Документ 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирмек. Анда жаңы төрөлгөн бардык ымыркайларга 4 миң сомдон сүйүнчү, үч жашка чейинки балдарга ай сайын 700 сомдон берүү каралган. Ошондой эле үчтөн көп балалуу үй-бүлөлөргө алар 16 жашка толгонго чейин айына 500 сомдон жөлөкпул чегерүү камтылган.

Бул айда өкмөт “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамдын мөөнөтүн үч айга артка жылдырууну Жогорку Кеңешке сунуш кылган. Мыйзам колдоо тапса, жөлөкпулду жаңы мыйзамдын негизинде төлөө кечеңдейт. Ал эми сүйүнчү пул төлөнө бермекчи. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзамды талкуулоо менен экинчи окууда добуш берүүгө жөнөттү. (SDz)

XS
SM
MD
LG