Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:28

АКШ Түндүк Кореянын эки расмий адамына санкция киргизди


Түндүк Кореяга каршы жаңы санкцияларды БУУнун Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсү тең колдоду. 22-декабрь, 2017-жыл.
Түндүк Кореяга каршы жаңы санкцияларды БУУнун Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсү тең колдоду. 22-декабрь, 2017-жыл.

Түндүк Кореянын Кошмо Штаттар санкция салган эки расмий адамы бул өлкөнүн баллистикалык ракета программасына жооптуулар экени айтылууда.

АКШнын финансы министри Стивен Мнучин буга байланыштуу жасаган билдирүүсүндө “баллистикалык ракета программасынын лидерлери Түндүк Кореяны изоляциялоо үчүн максималдуу кысым көргөзүү жана Корей жарым аралынын өзөктүк куралдан арылышына толук жетишүү үчүн бутага алынды”, - деп белгиледи.

АКШнын жаңы санкциясы алдында өткөн жума күнү БУУнун Коопсуздук кеңеши да Түндүк Кореяга каршы жаңы санкциялар боюнча резолюцияны бир добуштан кабыл алган эле. Ага ылайык, Түндүк Кореянын тазаланган мунай импорттоосу бир топко чектелет. Ошондой эле Түндүк Кореянын жумушчулары бар мамлекеттер алардын 2019-жылдын аягына чейин чыгаруусу керек. Пхеньян БУУнун жаңы санкцияларын “согуш актысы” катары баалаган.

Түндүк Корея быйыл эле жыйырмадан ашык ракетасын, анын ичинде континент аралык баллистикалык ракетасын эки сыйра сынап, алтынчы ирет өзөктүк жардыруу да жасаган. (UE)

XS
SM
MD
LG