Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Украина жана орусиячыл жикчилдер туткундарды алмашууда


Туткундар алмашылган акыркы учур. 16-сентябрь, 2016-жыл.
Туткундар алмашылган акыркы учур. 16-сентябрь, 2016-жыл.

Эки тараптын туткун алмашуусу бүгүн жүрүп жатат. Украин аскерлеринин он алтысын салган үч автоунаа бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00до жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактан өкмөт көзөмөлдөгөн аймакка өткөнүн “Азаттыктын” украин кызматы ырастады.

Алар - орусиячыл жикчилдер украин өкмөтүнө өткөрүп берип жаткан 74 аскердин алгачкы тобу.

Украин парламентинин биринчи вице-спикери Ирина Герашченконун мурдараак билдиргенине караганда, жикчилдер 74 жоокерди өкмөттүн камагында турган 306 адамга алмаштырууда.

Бирок Украинанын Акыйкатчысы Валериа Лутковсканын айтымында, ошол 306 адамдын 10-15и жикчилдер көзөмөлдөгөн аймакка кайра кайтууну каалашкан эмес, 43ү абактан мурда эле бошотулган.

Донбасстагы жикчилдердин лидерлеринин бири Александр Захарченко туткундарды алмашуунун кийинки баскычтары алдыда болушу мүмкүн экенин билдирди.

Украин өкмөтү менен Орусия колдогон жикчилдер туткундарды акыркы он беш айга жакын убакыттан бери алмаша элек болчу.

Украинанын чыгышында 2014-жылдын апрель айынын ортосунан берки куралдуу тирешүүдө азыркыга чейин 10 300дөн ашуун адамдын өмүр кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG