Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:13

Кегетиде 50 окуучу генератордон чыккан түтүнгө ууланды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Чүй облусунун Кегети айылында жайгашкан Исаев атындагы орто мектептин 7-8-классында окуган 50 окуучу генератордон чыккан түтүнгө ууланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, окуучулар бүгүн саат 14.00дө электр жарыгы жок учурда мектептин жыйындар залында электр чыгаруучу генератордун жардамы менен балаты майрамын уюштурган.

Үч сааттан кийин алар Чүй райондук ооруканасына уулануу белгилери менен кайрылышкан. Учурда окуучулардын абалы туруктуу.

27-декабрдын таңында өлкөнүн бир катар аймактарында кар калың түшкөн. Ушундан улам электр зымдары үзүлүп, электр жарыгы өчкөн. (NT)

XS
SM
MD
LG