Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:53

Алексей Навальный шайлоону бойкоттоону колдоого чакырды


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Оппозициячыл саясатчы бүгүн Интернеттеги баракчасы аркылуу орусиялыктарды 28-январда “шайлоочулардын иш таштоосу” аттуу акцияга чыгууга үндөдү:

- Алар (бийлик) үчүн Орусиянын эли шайлоого ишенерин көргөзүү абдан маанилүү. Биз болсо Орусиянын жарандары кадимкидей атаандаштыкты талап кыларын далилдейбиз. Бизге, албетте, жалпы Орусия боюнча көчө акциялары керек болот. Менимче, бирөө эле эмес.

Навальныйдын айтымында, Кремл жана Путин 2018-жылдын 18-мартындагы шайлоонун жыйынтыгын чечип койгон, эми аларга элдин келишин гана камсыз кылыш керек.

Ал 28-январга белгиленген акция шайлоону бойкоттону колдоо үчүн уюштурулуп, ага уруксат алыш үчүн арыздар жергиликтүү бийлик органдарына бүгүндөн тартып бериле баштарын кошумчалады.

Эки күн мурда Орусиянын БШКсы "Навальныйдын соттуулугу жоюлбаганына байланыштуу ал 18-марттагы шайлоого катыша албайт" деп чечим чыгарган.

Өзүнө каршы сот өкүмдөрүнүн саясий жүйөсү бар экенин айткан саясатчы бул чечимге жооп катары шайлоого бойкот жарыялоого чакырган.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков укук коргоо органдары Алексей Навальныйдын чакырыгы боюнча иликтөө жүргүзүшү керек экенин айтып чыккан. (UE)

XS
SM
MD
LG