Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Жээнбеков: Cирияга аскер жөнөтүү маселеси талкууланган жок


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Орусиянын «Известия» басылмасына маек куруп, кыргызстандык тынчтык орнотуучу күчтөрдүн Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу иштерине катышуу мүмкүнчүлүгү тууралуу суроого жооп берди.

Анын айтымында, тынчтык орнотуучу күчтөрдү Сирияга жөнөтүү мүмкүнчүлүгү ЖККУнун туруктуу кеңешинин жыйынында каралган, бирок андан ары талкууга алынган эмес.

"Кыргызстан эч кимден чакыруу албады, ошондой эле аскерлерди Сирияга жөнөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн жок", - деди Жээнбеков.

Президент кошумчалагандай, бул маселени ишке ашырыш үчүн ЖККУнун курамындагы өлкөлөрдүн бирдиктүү чечими, БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы жана Жогорку Кеңештин макулдугу талап кылынат.

Быйыл октябрдын башында премьер-министр Сапар Исаков да Орусияга барганда "РИА Новости" агенттигине "Кыргызстан Сириядагы деэскалация зоналарына аскер жөнөтүү боюнча расмий сунуш алган жок" деп билдирген.

XS
SM
MD
LG