Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:53

Санкт-Петербургда азык-түлүк дүкөнүндө жардыруу болду


Санкт-Петербургда жардыруу болгон жер. 27- декабрь, 2017-жыл.
Санкт-Петербургда жардыруу болгон жер. 27- декабрь, 2017-жыл.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында азык-түлүк дүкөнүндөгү жардыруудан он бир киши жарадар болду.

“Азаттык” радиосунун орус кызматынын билдиришинче, жарадарлардын ону ооруканага жаткырылды.

27-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 7ге чукул болгон окуяда дүкөндүн ичиндеги кампага коюлган жардыргыч зат жарылган деп болжолдонуп жатат.

Орусиянын Тергөө комитети "дүкөндө колго жасалган бомба жардырылды" деп билдирип, анын кубаттуулугун тротил эквиваленти менен 200 граммга баалады.

Бирок жардыруу боюнча теракт катары эмес, “Коомго коркунучтуу жол менен эки же андан ашык кишинин өмүрүнө кол салуу” беренесине ылайык кылмыш иши козголду.

XS
SM
MD
LG