Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Орусияда Кыргызстандын кошумча дипломатиялык өкүлчүлүктөрү ачылат


Москвадагы кыргыз элчилигинин имараты.
Москвадагы кыргыз элчилигинин имараты.

Парламент бүгүн "Миграция чөйрөсүндөгү компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүн түзүү жөнүндө" ккыргыз-орус өкмөттөрүнүн келишимин карайт.

Макулдашууга ылайык, Кыргызстандын Миграция кызматы Орусиянын дагы тогуз аймагында дипломатиялык өкүлчүлүк ачууну, Москва болсо Бишкек жана Ош шаарларында эки өкүлчүлүгүн иштетүүнү максат кылууда.

Документке Орусия менен Кыргызстандын өкмөттөрү быйыл 20-июнда Москвада кол коюшкан. Аны буга чейин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет жактырган. Жыйында "Кыргызстанда дипломатиялык кызматкер макамына ээ болгон чет өлкөлүк жарандар өтө эле арбып баратканынан, чет элдик өкүлчүлүктөрдүн ачышына квота киргизүү зарыл" деген маселе да көтөрүлгөн.

Ушу тапта Орусияда Кыргызстандын расмий элчилигинен тышкары, анын он бир шаарында консулдары бар.

XS
SM
MD
LG