Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:05

"Ташкент-Бишкек-Балыкчы" поезди июндан тартып каттайт


Бишкек темир жол бекети. (Архив).
Бишкек темир жол бекети. (Архив).

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдиргендей, "Ташкент-Бишкек-Балыкчы" багытындагы темир жол каттамынын жадыбалы иштелип чыкты.

Маалыматка караганда, аталган багыт боюнча поезд 2018-жылдын июнь айынан тартып иштей баштайт. Өзбекстандын поезди 16-июндан тартып 25-августка чейин Ташкенттен ишемби сайын Кыргызстанды көздөй чыгат. Ал Балыкчыдагы бекетке жекшемби сайын келип турат.

Балыкчыдан пезд кайра дүйшөмбү күнү жөнөп, эртеси Ташкент шаарына жетип калат. Билеттер майдан тартып сатыла баштайт. Анын жол киреси тактала элек, каттам убактысы да жаңы жылда белгилүү болот. (NT)

XS
SM
MD
LG