Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

Депутаттар итке калпак кийгизгендерди жазалоону талап кылышты


Тазабек Икрамов.
Тазабек Икрамов.

Жогорку Кеңештин жыйынында "ар кандай маселелер" бөлүгүндө депутат Тазабек Икрамов жана Автандил Кулбараков башкалаадагы соода түйүндрнн биринде өткөн иттердин көргөзмөсүн айыптады.

Депутат Икрамов көргөзмөдө катышуучулардын бири өз итине калпак кийгизип, улуттун ар-намысын тебелегени үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек экенин айтты.

- Итине калпак кийгизгендер кечирим сураганына карабай катуу чара көрүш керек. Бул үчүн өкмөттүн өкүлүнө кайрылам, катуу чара көргүлө.

Депутат Икрамов өз сөзүндө Тажикстандан көчүп келген кыргыз балдар токмоктолуп жатканы тууралуу Интернет булактарына жарыяланып кеткен видео эл арасына дүрбөлөң салганын айтты. Жабыркоочу тараптын тосмо арыз жазганына карабай, депутат тийиштүү органдар кол көтөргөндөргө иш козгошу керек деп эсептейт.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Тажикстандын Жерге-Тал аймагынан Кыргызстанга көчүп келип, Чүй облусунда отурукташкан кыргыздардын балдары токмоктолгон окуя 2016-жылдын февралында Чүйдүн Панфилов айылында болгон. Милиция бул боюнча териштирүү жүргүзүлгөнүн, айрымдары эски видеону чагым катары социалдык түйүндөргө кайрадан жүктөп жатканын билдирген. (SDz)

XS
SM
MD
LG