Парламент жыйынында депутат Айсулуу Мамашева январь айында депутаттар "Кумтөр" ишканасынын маселесин карашы керек экенин айтты. Анын пикиринде, "Центерра голд" компаниясы тарабынан бөлүнгөн акча кайсы тармакка жумшалып жатканын депутаттар билиши зарыл.
- Биз Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна жана онкологиялык ооруга чалдыккандар үчүн жардамга которулуп жаткан каражаттардын сарамжалдуу сарпталганын билишибиз керек, - деди ал.
Спикер Дастан Жумабеков өтүнүч эске алынарын билдирди.
"Кумтөр" компаниясы 2016-жылы Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна 411 млн. сом бөлгөн. Мындан тышкары Социалдык фондго былтыр 1 млрд. 226 млн. сом которгон. (SDz)