Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:54

Улан Саляновдун өлүмү боюнча шектүү кармалды


Улан Саляновдун үйү.
Улан Саляновдун үйү.

“Ата Мекен” партиясынын депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча шектүү киши кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, Э.О. аттуу шектүү жаран 1986-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну. Ал шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды. Шектүү кармалган учурда жанынан Салянов атылган “Макаров” тапанчасы 17 огу менен табылган. Шектүү баштапкы суракта күнөөнү мойнуна алган. Учурда курал экспертизага жөнөтүлүп, иликтөө иштери улантылып жатат.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду 6-ноябрда белгисиз бирөөлөр Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы жаңы салынган үйүнө курал менен кирип, атып кетишкен. Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин "Киши өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголгон. Депутат Салянова ишти иликтөө абдан жай жүрүп жатканын билдирген. ИИМ болсо Саляновдун өлүмүндө саясий мотив жок экенин, иликтөө иштери министрдин жеке көзөмөлүндө экенин белгилеген. (UEz)

XS
SM
MD
LG