Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

Жалал-Абаддын губернатору жасалма диплому боюнча маалыматты четке какты


Кыянбек Сатылбалдиев.
Кыянбек Сатылбалдиев.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жасалма диплом аркылуу кызматка келгени тууралуу маалыматты төгүнгө чыгарды.

Облус жетекчиси “Азаттык” радиосуна билдиргендей, айрым басылмалар ал тууралуу такталбаган маалыматтарды таратып, кайсы бир тараптардын буюртмасын аткарып жатат.

- 1996-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетине окууга тапшырып, бирок төрт жыл билим алган соң, бүтүрбөй эле сыртка миграцияга чыгууга аргасыз болгом. Кийинчерээк окуумду калыбына келтирип, Жалал-Абаддагы ошол кездеги коммерциялык институтка которулуп, 2013-жылы "экономист" адистиги боюнча диплом алгам. 2014-жылы Бишкектеги Кыргыз улуттук университетинде экинчи кесип алуу максатында окууга тапшырып, юристтик кесипке ээ болдум. Булардын баары ошол университеттердин архивдеринде сакталуу, – деди Сатыбалдиев.

Ошол эле учурда өкүл “Кыргыз таймс” сайты ал тууралуу такталбаган маалымат берген соң, кайра ага түзөтүү киргизгенин билдирди. Ал ошондой эле бир гезиттин үстүнөн 10 млн. сомго доо коюп, сотко кайрылуу үчүн материал даярдап жатканын билдирди, бирок ал кайсы басылма экенин айткан жок.

Кыянбек Сатыбалдиев тууралуу кээ бир гезиттер жана басылмалар анын жогорку билим тууралуу дипломун 800 долларга сатып алганын жана буга чейин Майлуу-Суу шаарында мэр болуп турган кезде мыйзамсыз иштерди жасаганын жазып чыгышкан. (RsK)

XS
SM
MD
LG