Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

ЖК: шайлоого катышкан айрым талапкерлерди өкмөткө чакыруу боюнча сунуш түштү


Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев президенттик шайлоого катышып, өз программаларында жакшы демилгелерди көтөргөн талапкерлерди өкмөттүн курамына тартууну сунуш кылды. Ал бош турган вице-премьер-министрдин кызматына Улукбек Кочкоров, Таалатбек Масадыков өңдүү адамдарды тартып, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууну илгерилетиш керек экенин кошумчалады.

- Бизде азыр "чек ара маселесин, коопсуздук, “коопсуз шаар” көйгөйүн чечебиз" дегени менен бир да өкмөт мүчөсү эч нерсе жасай элек. Өкмөткө сырттан деле кадрларды алып келсеңер болот деп айтат элем. “Шайлоодо бизге иштеген эмес” деген принцип менен эмес, "болгону элге иштеп бер" деп айтышыбыз керек.

Жанар Акаев Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө “коопсуз шаар” өңдүү долбоор алты айда ишке ашканын, ал эми Кыргызстанда сөз жүзүндө гана келатканын айтты.

Ушул жылдын август айында өкмөттүн жаңы курамы шайланып жатканда премьер-министр Сапар Исаков жыл соңуна чейин Бишкек жана Ош шаарларынын көчөлөрүнө видео байкоо орнотуу аракети көрүлөрүн билдирген. Бирок өкмөт азырынча айрым кесилиштерге орнотулган камералар пилоттук негизде гана иштеп жатканын айтып, келе жаткан жылы көчөлөргө видеобайкоо массалык орнотула баштаарын айтууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG