Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:09

ӨКМ: катуу шамалдын чыгымдары такталууда


Чоң-Алайдагы Алайчы уулу Сайит орто мектеби.
Чоң-Алайдагы Алайчы уулу Сайит орто мектеби.

Кечээ 27-декабрда өлкө боюнча катталган катуу шамалдын кесепеттери такталууда. ӨКМ билдиргендей, Алай районунда катуу шамал бир мектептин, бир бала бакчанын жана он чакты үйдүн чатырын алып кеткен.

Ал эми Чоң-Алай районунда №16 жол тейлөө ишканасынын чатыры, эки мектептин жана он чакты үйдүн чатыры учуп кеткен. Мындан башка Чаткал районунда 23 турак үйгө зыян келсе, Ала-Букада 5 социалдык объектинин жана 440 турак жайдын чатыры ар кандай деңгээлде зыян тартты.

Ошондой эле Баткен районунда бир катар мектептер менен турак үйлөрдүн чатырлары кулады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катуу шамалдын чыгымы эсептелип жатканын, андан соң жардам көрсөтүлө баштаарын маалымдады. (SDz)

XS
SM
MD
LG