Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:48

Мүлк фонду бүгүн "Бешинчи каналдын" жабдууларын каттоого алат


Каржы маселесинен улам кызматкерлери жапырт жумуштан кетип жаткан "Бешинчи каналдагы" жабдууларды Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бүгүн каттоого алат.

Телеканалды мындан ары ким жетектей турганы белгисиз. Учурда каналга ээлик кылып турган Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчисинин орунбасары Бекболот Алиев бул маселе чечиле электигин, бирок канал ишин токтотпой турганын айтты:

- Бүгүн телеканалдын иш кагаздарын, жабдууларын тактап, инвентеризация кылышат. Жетекчилиги жана бир топ кызматкерлери кетип жатат. Техниканы тейлегендер, жабдууларга жооптуулар иштей беришет. Каналдын жумушу токтобойт.

Бирок жамааттын иштен кетүүсүнө негизги себеп болгон каржы маселеси кандай чечилери анык эмес. Алиев бул жаатта өкмөткө сунуш жиберилгенин айтты.

Каналдын жамааты иштен кетип жатканы тууралуу 27-декабрда жарыялашты. Жетекчиси Евгения Бердникова 15-декабрда кызматын тапшырууга арыз жазып, жагдайга каржы тартыштыгы себеп болгонун айткан.

Соңку он жылдан бери күн сайын элге жаңылыктарды сунуштап келген "Бешинчи канал" 28-декабрда кабарлардын акыркы чыгарылышын сунуштайт. Жыйынтыктоочу берүү телеканалдын тарыхына жана кызматкерлердин ишмердигине арналат.

29-декабрдан 31-декабрга чейинки берүүлөр, Жаңы жылга карата майрамдык көрсөтүү даяр. Аны техникалык кызматкерлер обого узатып турушат.

Канал алгач КООРТ деп түзүлүп, алгач мурдагы президент Аскар Акаевдин, андан соң кийинки мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин жакындары иштеткен. 2011-жылы улутташтырылган.

"Бешинчи канал" деген аталышты эфирге 2007-жылы 12-февралда чыккан. Каналда 80 чамалуу адам иштеген. (SE)

XS
SM
MD
LG