Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Европа украин өкмөтү менен жикчилдердин туткун алмашуусун жакташты


Украин армиясынын туткундан бошонгон аскери жакындары менен көрүшүүдө. 27-декабрь, 2017-жыл.
Украин армиясынын туткундан бошонгон аскери жакындары менен көрүшүүдө. 27-декабрь, 2017-жыл.

27-декабрда Донецк облусунда Орусия колдогон жикчилдер украин тарапка туткундагы 74 жоокерди, ал эми Киев жикчилдерге 238 адамды өткөрүп берди. Бул Украинанын чыгышында куралдуу тирешүү башталгандан берки көп сандаган туткундарды алмашуу операциясы болду.

Германиянын канцлери Ангела Меркел жана Франциянын президенти Эммануэл Макрон туткун алмашууну “Жаңы жыл менен Рождествонун алдындагы маанилүү гуманитардык кадам” деп баалашты.

Туткундарды алмашууга көз салган Европа лидерлери жана ЕККУ уюму 10 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган чатакты басуу максатында 2015-жылы кабыл алган келишимге карабай уруш уланып жаткан аймакта тынчтык орнотууга чакырды.

“Туткундарды алмашуу - бул гуманитардык гана иш эмес, бул ишенимди бекемдеш үчүн зарыл кадам” - деди Австриянын тышкы иштер министри жана ЕККУнун учурдагы төрагасы Карин Кнейси.

XS
SM
MD
LG