Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:18

Президенттик балатыга Дача СУ айылынын балдары катышты


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Бишкектеги президенттик балатыда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков мугалимдерге жана ата-энелерге кайрылды. Анын айтымында, мамлекет үчүн балдарды тарбиялоо жана окутуу негизги маанидеги иш болот. Ал балдардын келечеги, коопсуздугу жана билим алышы үчүн улуулар жооптуу экенин эске салып, ал эми жаш балдарга талыкпастан билим алууга чакырды.

- Кымбаттуу айланайын балдарым, кыздарым, кичинекей досторум. Мен бир далай иш-чарага катышкам, бирок, ушундай чын ниет менен кол чаап, суйунуп отурган иш-чарага катышкан эмесмин. Эгер бардык саясатчылар силердей ак ниет болгондо оңолмокпуз. 2017-жыл жаман болгон жок, жакшы болду. Жаны жылынар менен, айланайын балдарым, - деди Жээнбеков.

Президенттик балатыга 1100 окуучу балдар катышып, алар өлкөнүн ар тарабынан келишти. Чакырылгандардын арасында мыкты окугандар, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар катышты.

Президенттик балатыга Дача СУ айылындагы учак кырсыгынан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары жана АКШдагы хоккей турниринде баш байгени жеңген жаш спортчулар да күбө болушту. (SDz)

XS
SM
MD
LG