Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:38

Сыдыков: өзбек тарап биз сунуш кылган темир жол багытына макул


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору боюнча өзбек тарап Кыргызстан сунуш кылган багытка макул. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков “Азаттык” менен болгон маегинде билдирди. Анын айтымында, кыргыз тарап темир жол мүмкүн болушунча түрдө калктуу аймактарды аралап өткүдөй вариантты сунуш кылып жатат.

- Өзбекстан толугу менен Кыргызстандын сунушун колдоп жатат. Биздин максат - темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү жана улуттук кызыкчылыкты коргоо. Ушундан улам биз аймактарды көбүрөөк аралай турган маршрутту сунуш кылып жатабыз. Муну өзбек тарап толугу менен колдоду, - деди Сыдыков.

25-27-декабрда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору боюнча Ташкентте үч тараптуу сүйлөшүү болгон. Анда үч өлкөнүн транспорт министрлери курулушту баштоонун мөөнөттөрүн аныкташкан. Сүйлөшүүлөргө ылайык, долбоордун так маршруту 2018-жылдын апрелинде аныкталат.

Темир жол салуу демилгеси он жылдан ашуун убакыттан бери көтөрүлүп келатат. Аны ишке ашырыш үчүн 6-6,5 миллиард доллар керектеле тургандыгы маалымдалган. Бул темир жол долбоору Кытайдын товарларын Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу Чыгыш Европага жана Жакынкы Чыгышка жеткирген эң кыска жол болоору айтылып жүрөт. (UEz)

XS
SM
MD
LG