Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:33

Салянова: инимдин өлүмүнө шектүүнүн кармалышы боюнча суроолор көп


Аида Салянова.
Аида Салянова.

“Ата Мекен” партиясынын депутаты Аида Салянова инисинин өлүмү боюнча шектүүнүн кармалышына байланыштуу суроо көп экенин билдирди. “Азаттыкка” айтканына караганда, ал ИИМ тараткан билдирүүдөн күмөн санайт.

- Министрлик инимди "карактоо максатында өлтүрүлгөн" деп жатат. Анын тоной турган эч нерсеси жок болчу. Анан "кылмышка шектүү киши инимди аткан тапанчасы менен кармалды" дейт. Ошондон бери куралын жашырбай, "милиция келсин" деп даярдап турганбы? - деп суроо салды Салянова.

Кечээ, 27-декабрдын түнүндө милиция Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча шектүү катары 1986-жылы туулган жаранды кармаганын ИИМ бүгүн билдирген. Анын жанынан Салянов атылган Макаров тапанчасы 17 огу менен табылганы кабарланган. Кармалган жаран шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал баштапкы суракта күнөөнү мойнуна алган. Учурда табылган тапанча экспертизага жөнөтүлүп, иликтөө иштери улантылып жатат. Шектүү жаран буга чейин карактоо, уурулук, тоноо жана бейбаштык фактылары боюнча 4 жолу соттолгон.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду 6-ноябрда белгисиз бирөөлөр Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы жаңы салынган үйүнө курал менен кирип, атып кетишкен. Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин "Киши өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголгон. Депутат Салянова ишти иликтөө абдан жай жүрүп жатканы тууралуу даттанган. ИИМ болсо Саляновдун өлүмүндө саясий себеп жок экенин, иликтөө иштери министрдин жеке көзөмөлүндө экенин билдирген. (UEz)

XS
SM
MD
LG