ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:04

Кытайдын Кашкар тарабын кум учурган бороон каптады

Кытайдагы кум учурган бороон.
Кытайдагы кум учурган бороон.

Кытайдын Шиңжаң-Уйгур автоном облусундагы Кашкар префектурасын кум учурган бороон каптады. Метеорология кызматы ушул тапта кооптуу кырдаал эң жогоркудан кийинки, же "саргылт" деңгээлге жеткенин билдирди.

Жөө жүргөндөр кум-чаң жутпаш үчүн оозу-мурдун жаап жүрүүгө аргасыз болууда. Бута атым аралыктын көрүнбөй калышы автоунаа айдоочуларга да кыйынчылык жаратууда.

​
XS
SM
MD
LG