Президент Нурсултан Назарбаев кол койгон мыйзамга ылайык эми интернет колдонуучулар Казакстандын электрондук өкмөтүнүн порталы аркылуу же смс жөнөтүп каттоодон өтүүгө милдеттүү. Коңшу өлкөнүн өкмөтү мындай чаралар улут, дин аралык араздашууларга түрткөндөргө, кемсинткендерге каршы күрөштө жардам берет деген ишенимде.
Бийликтер аны менен катар эле интернет колдонуучулар каймана атты колдонсо болорун, бирок сайттар баары бир андай ат менен ким катталганын билип турарын түшүндүрөт.
Мыйзамга кирген толуктоолорду сындагандар авторизация механизми иштебей каларын белгилешет. Алар интернет сайттардын ээлери жана телефон операторлору техникалык өзгөртүүлөрдү киргизиши керектигин белгилешет. Ошондой эле мындай чаралар саясий негиздеги айыптоолордун көбөйүүсүнө жол ачат деген кооптонуу дагы бар.
Казакстанда өлкөнүн саясий жетекчилигин айыптаганы үчүн эки жылга эркинен ажыратууга мыйзам жол берет. Ал эми "үй-бүлөлүк жана жеке купуя маалыматты таратууга" айыпталгандар жети жылга чейин кесилиши мүмкүн.