Илья Яшин 24-декабрда Москвадагы Лермонтов бакчасында “Шайлоонун эркин күнү” деген жүрүш уюштурган. Ага катышкан 2 миңге жакын адам 18-мартта президенттик шайлоонун эркин, акыйкат жана атаандаштык шартта өтүшүн талап кылышкан. Москва бийлиги жана жергиликтүү полиция иш-чара мыйзамсыз уюшулганын айтып, башында Яшиндин ата-энесин суракка алган.
28-декабрда полиция аны камакка алганын Яшин "Твиттердеги" баракчасына жазган.
Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы оппозициячы Алексей Навальныйды талапкер катары каттабай, жарыштан четтеткен. Мындан кийиин Кремлдин башкы сынчысы орусиялыктарды келерки президенттик шайлоону бойкоттоого чакырган. (Lzt)