Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:39

Кабулдагы жардырууда 41 адам мерт болуп, 84 киши жабыркады


Кабулдагы жардыруудан кийин. 28.12.2017.
Кабулдагы жардыруудан кийин. 28.12.2017.

Ооган өкмөтү 28-декабрда борбор шаар Кабулдагы шииттердин маданий борборунда болгон жардыруудан бери дегенде 41 адам мерт болуп, 84 адам жабыркаганын маалымдады. Жардыруунун жоопкерчилигин «Ислам мамлекети» террордук тобу өзүнө алган.

Ооган президенти Ашраф Гани бул жардырууну «Исламга жана адамдардын баалуулуктарына каршы чабуул» деп айыптады.

Ички иштер министрликтин басма сөз өкүлү Насрат Рахими жардыруу маданий борбордо советтик аскерлердин Ооганстанга киришинин 38 жылдыгы белгиленип жатканда болгонун билдирген. Маараке маалында жанкечти имаратка кирип келип, өзүн жардырып жиберген. Андан кийин жардамга келгендер топтошкондо сыртта эки жардыруу болгон. Мурунтан жоочулардын негизги бутасы медиа каражаты болгон деген кабарлар тараган.

XS
SM
MD
LG