Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 10:02

Бишкектин Көк-Жар конушуна газ берилет 


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, Көк-Жар жаңы конушунун жашоочуларын газ түтүгүнө туташтыруу иши аяктады. Бүгүнтөн тартып конушка жаратылыш газы бериле баштайт.

Орусиянын “Газпром” компаниясы 2014-жылы “Кыргызгазды” карыздары жана милдеттенмелери менен кошо шарттуу түрдө 1 долларга сатып алган. Ал эми “Газпром-Кыргызстан” деп аталып калган.

Ошондон тартып ал Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарды көгүлтүр от менен камсыз кылуу программасын ишке ашырып келатат. Ушу тапта жалпы жонунан ондон ашуун конуш газ түтүгүнө туташты. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG